Көгала (оң жээк) кени

Википедия дан

Көгала (оң жээк) кени - Чаткал районундагы риолиттуу порфир кени жаткан жер.

Тамга кыштагынан 2 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1500 м бийиктикте жайгашкан. Кен калындыгы 1200-1300 м болгон шураб свитасында жатат. Ал эффузив аянтынын 20-25%ин ээлейт. Көгүш-боздон кызгылт түскө чейин кездешет. Структурасы порфирлүү, 25-40%и өзгөрүүге дуушарланган талаа шпатынын жана кварцтын фенокристаллдары. Негизги массасы микро бүртүкчөлүү талаа шпаты. Пирит, магнетит, апатит акцессорлору болуп саналат. Кенди керамикалык өнөр жайда пайдаланса болот. Риолиттуу порфирдин болжолдуу запасы 6 млн мди түзөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6