Көзгө ак түшүү

Википедия дан

Көзгө ак түшүү (лейкома) - көздүн тунук чел кабыгынын чеч басып бозорушу.

Чеч тунук челдин ортосунда же чет жагында болушу мүмкүн. Кээде бүт каптап калат. Дарт ак чел кабыктын сезгенүү ооруларынан же кырсыкка учурашынан пайда болот. Айрым учурда тубаса түрү да кезигет. Көз күйгөн убакта одурайган чеч басып, көздүн көрүшүн аябай начарлатат. Ал эми көз кырсыктан майып болсо жана жарага айланып кеткенде чеч өзүнчө бир формада болот, анткени көздүн өңүн берүүчү катмар бул чеч менен биригип, жабышып калат. Бул учурда көз көрбөй жана көздүн ичиндеги басымы жогорулап, глаукомага айланат.

Дарылоо хирургиялык жол менен жүргүзүлөт. Чеч болбош үчүн алдын алып күйүктөн (травмадан), көздү майып болуудан сакташ керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8