Көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышы

Википедия дан

Көздүн тор кабыкчасынын сыйрылышы - көздүн тор кабыкчасы хориодея кабыкчасынан ажырап кетиши.

Ал көбүнчө алыстан начар көргөн жана улгайган адамдарда кезигет. Мындай оорулуулар оор жумуш жасаганда, урунуудан көздүн тор кабыкчасы бириккен жеринен ажырап кетет. Көздүн ичиндеги суюктук тор кабыкчанын астына куюлат да, тор кабыкча сыйрылат. Оорулуунун көзүнөн от чагылып, бара-бара көрүү абдан начарлайт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Алдын алууда алыстан начар көргөн адамдар кара жумуш жасоого, оор нерсе көтөрүүгө, спорттун кээ бир түрү менен (сууга секирүү, бийиктикке жана узундукка секирүү, бокс жана башка) машыгууга болбойт. Көздү түрдүү урунуудан (айрыкча өндүрүштө), түрдүү оорулардан сактоо талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8