Көйкап мөңгүсү

Википедия дан

Көйкап мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосуна Кайыңды кырка тоосу тутумдашкан жерде, Теректи өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Узундугу 12,9 км. Альпинист мөңгүсүнөн жогорку бөлүгү 1,6 км, туурасы 1,0 км, Аянты 13,4 км2. Калыңдыгы 150—180 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5890 м, этеги 3380 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Абляциясынын аянты 4,8 км2. Куралуу аймагы түштүгүнөн Боз-Кыр, чыгышынан Эңилчек, түндүгүнөн Кайыңды кырка тоолору менен курчалат. Фирн бассейни кенен төрдө жайгашкан. Кайкы аркылуу Комсомол мөңгүсү менен туташат. Мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө жаракалар көп. Сол капталдан жүргөн кар көчкүлөр жаракаларды жаап турат. Мөңгүнү алгач 1902- жана 1903-ж. немис географы Г. Мерцбахер картага түшүргөн. Этеги шагыл таштар менен корумдалган (1,5 км2дей жери). Мөңгүдөн Теректи суусу башталат. Мөңгү тартылууда. Мезгили менен алдыга жылып кетүүчү мөңгүлөргө кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]