Көйүш

Википедия дан

Көйүш "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Кыргыз балбаны, аяр. Манас менен болгон согушта Орго кан Атан аттуу балбанын жекеге жөнөтөт. Бүжүрөгөн жаман чал кейпинде кубулуп алган К. аяр Атандын жолунан тосуп, аны майдан талаасына жеткирбей өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 80—84).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4