Көкказык

Википедия дан

Көкказык, Көк чебич — Сыргактын жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү. Негизги варианттарда айтылат.

Эпикалык К. тулпардын образы Сыргак баатырдын эң ишенимдүү жардамчысы болуу менен бирге анын бардык иш-аракеттеринде ажырагыс бирдикте сүрөттөлөт. Сыргактын чыныгы жардамчысы. Манасчылар эпостун жалпы духуна ылайык тулпарды кандай укмуштуу касиеттерге ээ кылат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо К. аты үчүнчү келген Сыргак тагдырына буюрган Сыягүлгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 422). Чоң казатта К. ээси менен кошо кытайдын көзгө атар мергени Кожожаштын огунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 191).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4