Көкүлов Калчоро

Википедия дан

Көкүлов Калчоро - акын.

Калчоро Көкүлов Ленин районунун (азыркы Ноокен) Сакалды айылында 1953-жылы 26-февралда туулган.
1970-жылы Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы М.Горький атындагы орто мектепти аяктап, Нарын гидроэнергокурулуш мекемесинде иштеген.
1971–1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөндө башталып, 1970-жылдан ырлары Токтогул райондук «Учкун» гезитине жарыялаган.
1977-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде иштеп келет.
Алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн.
1991-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Күзгү обон: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1982. – 25 б.

Мезгил ыргактары: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 44 б.

Аптаптуу айыл: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990. – 63 б.