Көкө-Ноор

Википедия дан

Көкө-Ноор (моңголчо көк-көл) — топоним. «Манас» эпостун көпчүлүк эпизоддорунда эскерилет. Мисалы, Алмамбет кытайдан Көкчөгө келгенден кийинки жылы калмак менен маңгулда бөлүнбөгөн энчим бар деп К.-Н. көлүнөн, Көбү-Шаму чөлүнөн 20 миң жылкы, 15 миң кара мал олжолоп алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 238). Географиялык реалияда КЭРдин Цинхай провинциясындагы көл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4