Көк-Дөбө андалузит кени

Википедия дан

Көк-Дөбө андалузит кениЧүй районунда, Ысык-Ата кыштагынан 45 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2390–2470 м бийиктикте. 1962-ж. табылган. Андалузиттин өлчөмү 20–25%, 1,5 кмге созулган, калыңдыгы 100 м жана 21 м болгон кварц-андалузит-мусковиттүү сланецтин эки кабаты Көк-Мойнок свитасынын катмарынын арасында жатат. Глинозёмдун өлчөмү 11,0%тен 16,89%ке чейин өзгөрөт. Болжол ресурсу 100 м тереңдикке чейин 45 млн тга жакын. Иргелгенден кийин керамика өнөр жайына керектүү андалузиттик агрегат алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]