Көк-Ойрок өрөөнү

Википедия дан

Көк-Ойрок өрөөнүТүндүк Теңир-Тоодогу бийик тоо өрөөнү. Чоң Кемин өрөөнүнүн жогорку бөлүгү. Иле Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоонун аралыгында жайгашкан. Кемин районунда. Чоң Кеминдин оң куймасы — Кашка-Суудан Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 80 кмдей. Туурасы 500 мден (таманы) 1 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1550 мден 4771 мге чейин (Чок-Тал, Күнгөй Ала-Тоосу). Мегасинклиналь тибиндеги өрөөн; неотектон. мезгилдин Күнгөй Ала-Тоо менен Иле Ала-Тоосу Түндүк жана Түштүк Кемин жаракалары менен төмөн түшкөн ойдуң.

Морфологиялык түзүлүшү боюнча Көк-Ойрок өрөөнүн экиге бөлүүгө болот: жогорку бөлүгү Жинди-Суудан (Чоң Кеминдин оң куймасы) Кемин-Челек тоо тоомуна чейин 35 кмге созулат; жазылыгы 200—300 мден (Жинди-Суунун чатына жакын) 1 кмге чейин (Орто-Кой-Суу жана Чолпон-Ата сууларынын аймагында). Таманы ичке тилкелүү жогорку төртүнчүлүк доордун түздүктөрүнө, капталдары тик, тепши сымал өрөөндөн (Чет-Кой-Суу, Чолпон-Ата, Туюк-Алматы, Көл-Алматы, Ашуулуу-Алматы ж. б.) турат. Өрөөндү муз каптоо доорунда узундугу 45 кмден ашкан мөңгү ээлеген. Азыр байыркы мөңгүнүн издери (тепши сымал өрөөндөр, төр, морена ж. б.) көп кездешет. Чолпон-Атанын төрүндө тепши сымал өрөөн даана байкалат. Төмөнкү бөлүгү — Кашка-Суудан Жинди-Сууга чейин созулган тоо-капчыгайлуу өрөөн. Узундугу 45 км. Мында өрөөндүн таманы көбүнчө кууш (200—300 м), капталдары тик. Иле Ала-Тоосунун капталдары тик жана кыскараак келип, терең сайлар менен тилмеленген. Күнгөй Ала-Тоонун этегин бойлото граниттен турган ассимметриялуу массив өрөөндүн таманынан тик көтөрүлүп турат. Граниттүү массив менен Күнгөй Ала-Тоонун аралыгында бийик (2800—3000 м) бөксө тоонун тилкеси жатат. Өрөөндүн Тору-Айгыр, Жашыл-Көл, Куу-Карагайдын талаасы, Жая туштагы бөлүктөрү салыштырмалуу кененирээк (1 кмге чейин), анткени төртүнчүлүк мезгилдин 1-жарымындагы катуу жер титирөөлөрдөн Шыгай, Бөлөкбай, Жашыл-Көл, Көл-Төр, Батыш Кара-Корум, Жая өңдүү зор жер көчкүлөр жүргөн. Түзүлүшүндө негизинен протерозойдун, палеозойдун кристаллдуу (сланец, гнейс, гранит-диорит, мрамор ж. б.) тектери басымдуу. Чалкан-Ата суусунун өрөөнүнүн капталында палеоген-неоген тектери көчүп, майда көлдөрдү пайда кылган. Климаты континенттик; январдын орточо темпретурасы —5...—100C ; июлдуку 12—15С0 ; жылды к жаан-чачыны 500—700 мм. Аймагында жалпы аянты 148 км2 келген 132 мөңгү жайгашкан.

Негизги суусу — Чоң Кемин (куймалары: Кашка-Суу, Карагайлуу-Булак, Бузулган-Сай, Чоң Кой-Суу, Ак-Суу, Чолпон-Ата, Жинди-Суу ж. б.). Өрөөндүн ландшафты кооз. Субнивалдык суук чөл, альп жана субальп шалбаасы, карагай-бадалдуу токой, шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Кенен жайлоо; төрүнө чейин автомобиль жолу салынган. Туризм өнүккөн. Жаратылышы азырынча запкы чеге элек, экол. тең салмактуулук сакталган. Эгерде Алматы — Тамчы жолу курулса, бул аймактын жаратылышы кескин өзгөрүп, экологиялык жактан жагымсыз шарт түзүлүшү ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]