Көк-ирим тоосу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Көк-ирим тоосуИчки Теңир-Тоодо, Тогуз-Торо жана Кетмен-Төбө ойдуңдарынын аралыгында. Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун чегинде. Узундугу 60 км, эң жазы жери 38 км. Орточо бийиктиги 3800 м, эң бийик жери 4351 м (Байдамтал). Нарын капчыгайынан Капка ашуусуна чейин созулат. Кембрий, девон, ордовиктин кумдук, сланец, акиташ ж. б. тектеринен түзүлгөн. Ортосу бийик жана аскалуу, батыш жагы жапыз, түштүгүндө кууш жана терең капчыгайлар бар; түндүк-чыгышына үстү тегиз тоо айрыктары мүнөздүү (Кызыл-Татыр, Турук, Ак-Башат). Мөңгүлөр тоонун ортоңку бөлүгүнүн түндүк бийик беттеринде. Нарын капчыгайына караган тарабы кургак келип, батышы нымдуу, бадал жана дарак өсүмдүктөрү өсөт. Түштүк беттерине талаа (1400—2000 м), бадал аралаш токой жана шалбаа (2000—3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000—3900 м), түндүк капталына талаа (1600—2400 м), шалбаа жана майда бадал (2400—2900 м), субальп, альп (2900—4000 м), ал эми тоо чокуларына нивалдык ландшафттар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]