Көк башчалуу сесели

Википедия дан

Көк башчалуу сесели (лат. Seseli eryngioides Korovin, (M. Pimen. et V. N. Tiкhom)) - Монокарптык көп жылдык, бүтүн өзөк тамырлуу өсүмдүк. Сабагы жалгыздан, түп жагы былтыркы жалбырактын калдыгы менен жабылган, түп жагынан баштап бутактанат. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактары көп санда, канаттай тилкелүү, жалпы көрүнүшү жумурткадай; сабактан өскөн жалбырактары майдараак, кыска саптуу жалбырак кучактуу, жогорку жалбырактары сызгычтай тегиз жээктүү, же майда тишчелүү. Чатыры 50-60 гүлдүү, 15-18 ичке сызгычтай тегиз жээктүү жалбыракчадан турган ороочтуу. Чатырчалары ороочтуу, 15-17 жумуртка же ланцет сымал жалбыракчадан турат. Желекчелери ак, бир аз оюктуу. Мөмөсү капталынан бир аз басырылгандай, тескери ланцеттей.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июлда гүлдөп, август-сентябрда мөмө байлайт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал тоо кыркасы: Бозботоо тоолору, Итагар суусунун өзөнү, Аксай, Курайрык капчыгайлары.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акиташтуу аскалардын жаракалары.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяцияларында бирин-серин кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Себептери белгисиз.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бешарал коругунда өсөт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сан-өлчөмүнүн эсебин алып, түр өскөн аймактарды коргоо зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V U . Эндем. Кыргызстанда өскөн 16 түрдүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]