Көк жору

Wikipedia дан
Bearded Vulture - Giant Castle 010001 (15280863060).jpg
Gypaetus barbatus distr.png

Kөк жору (Gypaetus barbatus), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ареалы чачыранды. Түндүк Африканын тоолуу аймактары, түштүккө карай Дракон тоолоруна чейин. Европада Пириней жарым аралдардын тоолору; Кипрге кокусунан учуп келгени байкалган. Азиянын батышында Кичи Азиядан тартып, чыгышында Син-Тибет тоолоруна, түндүккө карай Палеарктиканын бийик тоолоруна, түштүк жакта Синай жарым аралына, Түндүк Ирак, Түштүк Иран, Борбордук жана Афганистанга, Гималайдын жана Юнкандын түштүк бетине чейин. Ошондой эле, Кызыл деңиздин чыгыш жээктеринен түштүк жагынын жармына чейин уяларын салат . Кыргыз Республикасында Батыш, Түндүк, Борбордук жана Ички Тянңшандын бийик тоо кыркаларында, ошондой эле Памир-Алайда кездешет .

Жашаган аймактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Тянңшанң тоо системасынын бийик тоолуу аймактарында кездешет, көбүнчө тилке кеткен релңефтерде жашоосуна мүнөздүү; анда-санда жапайы ача туяктуулар жашаган (жайылган) түзөңдөрдө, ошондой эле мал чарбасынын жайыттарында да кездешет.

Саны[оңдоо | булагын оңдоо]

Көк жору адатта бийик тоолордо отуруктуу куштардын бири, ошондуктан анын санына атайлап эсеп жүргүзүлгөн эмес. Анын саны республиканын түштүк тарабында көбүрөөк. Эгерде түндүк тарапта маршруттук эсепте (1км2 да 0,01-0,4 особң) 1-2 куш байкалса, ал эми түштүктө 3-5 особдон кем эмес. Ноокат районундагы Мазарсай жайытында 27-28-сентябрда 12ге чейин көк жору байкалган, анын ичинен 5өө чоңдору болгон. 1992-жылы август-октябрң айларынын ичинде республика боюнча байкоо жүргүзүлгөн маалда 34 көк жору катталган, анын ичинен 21 чоңдору, 12 особдордон – 1-3 жаш жана бирөө ошол жылдагы балапаны болуп чыккан . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Отуруктуу түр. Биринчи уясын кышында эле салат. Басышы 2 айга чейин созулат . Уясында 1-2 жумуртка, бирок учууга чейин анын бирөө гана аман калат. Балапандары август-сентябрң айларында басылып чыгышат. Кыргызстанда көк жорунун популяциясынын жаштык структурасы боюнча жүргүзүлгөн байкоолорго караганда, чоңдору (жетилгендери) жыл сайын эле көбөйүүгө катышпагандыгы белгилүү болду.

Чектөөчү факторлор[оңдоо | булагын оңдоо]

Жапайы туяктуулардын санынын кыскарылышынын эсебинен тоют базасынын азайышы. Ошону менен бирге, малдын санынын көбөйүшү анын санына жагымдуу таасирин тийгизбей койбойт, себеби өлгөн мал утилизацияланбай калат . Кээде адамдар тарабынан түздөн-түз жок кылынышы.

Көбөйтүү (колдо багуу)[оңдоо | булагын оңдоо]

Зоопарктарда ийгиликтүү эле көбөйүшөт. Кыргызстанда колдо өстүрүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Кызыл китебине киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[оңдоо | булагын оңдоо]

Уялаган жерлерин сөзсүз түрдө коргоого алуу, байкоо жүргүзүүнү уюштуруу, андан алынган каражаттарды жасалма жол менен тамактандырып экологиялык туризмди өнүктүрүү. Ошондой эле жергиликтүү эл куштарды өлгөн малдын эти менен камсыз кылуусун уюштуруу.

Статусу[оңдоо | булагын оңдоо]

VI category, Near Threatened, NT: R. Кыргызстандын фаунасынын уруусунда бир гана өкүлү. G.b. aureus (Hablizl, 1783) түрчөөсү кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]