Көлбай

Википедия дан

Көлбай«Манас» эпосунун кейипкери. Манастын аталаш иниси, «алты арамдын» бири. Манас өлгөндөн кийин агаларына кошулуп, Манастын үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүп, дүнүйөсүн талап алууга катышкан. Кочкордун көкүтүүсү менен кырк чоро экинчи жолу качканда алар менен кошо Семетейдин колунан өлөт (Саякбай Каралаев, 2. 249; 1. 276, 310, 319, 330, 336, 339).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4