Көлү көк

Википедия дан
Көлү көк.

Көлү көк, Көл-Үкөк - Кочкор өрөөнүндөгү суу, Чүй дариясынын оң куймасы. Тескей Ала тоонун батыш бөлүгүнүн түндүк капталынан башталат.

Узундугу 37 км, алабынын аянты 75,8 км2. Суучогултуучу аймагынын деңиз деңгелинен орточо бийикт. 3000 м.

Негизинен кар жана мөңгү сууларынан куралат. Көлү көктүн 28 куймасы бар. Июль айында ташкындап, февралда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 0,9 м3/сек. Алабында жалпы аянты 1,4 км2 ден ашык көлдөр, 14,9 км2 келген мөңгүлөр бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]