Көмпүтер

Wikipedia дан
Desktop computer clipart - Yellow theme.svg

Көмпүтер-Көмпүтөр (анг. "computer") (орусча компьютер) - бул эсептөөлөрдү жүргүзүүчү машина, жана бир алгоритм (көмпүтердик програм) менен маалыматты кабыл алуу, сактоо, иштетүү, чыгарууну аткарат. Көмпүтерлер жаңы чыгып баштаганда, ал жалаң гана эсептөөнү аткарат деген пикирден улам ЭЭМ (электрондук эсептөө машинаси) деп аталып калган. Бирок азыркы күндө ЭЭМдин кызматы - башкаруу болуп эсептелет.

Негизги принциптер[оңдоо | булагын оңдоо]

Алдында турган маселелерди көмпүтер кайсы бир механикалык кыймылдын, электрондордун, фотондордун, кванттык бөлүкчөлөрдүн агым кыймылынан же жакшы изилденген башка физикалык кубулуштартардын жардамы менен аткарат. Бизге эң белгилүү бул - электрондук жеке көмпүтер.
Көмпүтердин архитектурасы чечип жаткан маселени түздөн түз, изилденип жаткан физикалык кубулуштарды чагылдырып (математикалык аныктама менен), моделдештируу мүмкүнчүлүгү бар. Ошентип, электрондук агымдар дамба жана суу сактагычтарды моделдештиргенде суунун агымы катары колдонулган. Мындай жол менен 1960-жылдарда аналогдук электрондук көмпүтерлер иштеген, бирок бүгүнкү күндө андай ЭЭМдер абдан сейрек кезигет.
Кезектеги көмпүтерлердин көбүндө чечип жаткан маселени математикалык тил менен жазышат, мында бүт маалымат экилик эсептөө системасында жазылат, бул бүт эсептөөлөр логика алгебрасын гана колдонууга алып келет. Бүткүл математиканы логика алгебрасынын операцияларына алып келегенге мүмкүндүк бар, ошондуктан көмпүтер абдан зор маселелерди чече алат.
Көмпүютерлер бүт эсептерди чыгара албайт. Компүтер эсептей албаган маселелерди англис математик Алан Тьюринг жазып чыккан.
Эсептелген маалымат ар кандай киргизүү-чыгаруу аппараттардын жардамы менен берилет: лампалык индикаторлор, мониторлор, принтерлер.
Жаңы колдонуучулар жана өзгөчө балдар көмпүтер - жөн эле машина экенин, ал өзүнчө "ойлоно", "түшүнө" албаганын кыйынчылык менен кабыл алат. Көмпүтер программа менен берилген белги, сызык, түстөрдү маалымат чыгаруу жабдыгы аркылуу механикалык түрдө чыгарат. Адамдын мээси өзү экрандагы белгилерди (образдары, санариптерди, сөздөрдү) кабыл алып, аларга маани берет.

Компьютердин жабдуулары[оңдоо | булагын оңдоо]

Көмпүтердин түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]