Көп жылдык тоң
Көрүнүш
Көп жылдык тоң – жер бетинин үстүнкү борпоң же жаракалуу чулу тоо тектеринин туруктуу терс температуранын таасири астында пайда болгон тоң кыртышы. Тоо тектеринин арасындагы суулар музга айланып, борпоң тектерди камдаштырып, чулу кристаллдык тоо тектерине окшотуп коёт. Алардын эрип, кайра тоңуп туруусу чарбачылыкка көп зыян алып келет. Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында кеңири таралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4