Көркөмдүккө тарбиялоо

Википедия дан

Көркөмдүккө тарбиялоо – окуучуларды көркөмдүккө тарбиялоодо адабият, музыка, театр, кино, көркөм өнөрүнүн түрдүү тармактары эстетикалык тарбия берүүнүн маанилүү каражаттарынан болуп эсептелет. Көркөмдүккө тарбиялоо окуучулардын дүйнөнү таанып билүүдөгү моралдык ишенимин бекемдөөдө тийгизген таасири чоң.

Көркөм тарбиялоо үй-бүлөдө, балдар бакчасында, мектепте адабият, музыка, көркөм өнөр предметтерин окутууда, ошондой эле мектептен сырткаркы атайын өспүрүмдөрдүн атайын борборлорунда, клубдарында жүргүзүлөт. Жогоруда аталган сабактар үчүн түзүлгөн программаларда белгилүү өнөр инсандарынын чыгармалары жана чыгармачылык жолдору менен тааныштыруу иштери каралган. Союздун учурунда мектептерде драм, хореография, ыр-бий, ыр-хор көркөм өнөрүнүн түрдүү тармактары боюнча ийримдер кеңири ачылып, атайын билим берүү министрлиги тарабына каржыланып балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн эске алып атайын бирдиктүү программалар түзүлүп билим берүү бирдиктүү системасы аркылуу ишке ашырылган, балдардын шыгы жөндөмүнө жараша исскуствонун түрдүү тармактары боюнча тереңдетилген илимдерди алышкан. Таланттуу тандалып алынган балдар кийин ошол багыттагы окуу жайларда окууларын улантып кетүүсүнө ынгайлуу шарттар түзүлгөн. Мындай мектептен тышкаркы окуу борборлорунун арасында ар дайым кароо тандам, фестивалдар, театрлаштырылган спектаклдер, концерттер өткөрүлүп, жаш таланттарга тиешелүү сын-пикирлер айтылып, чыгармачылык ийгиликтерин баалап туруу керек.

Окуучулардын искусство тармагындагы билим, шыгын өстүрүп үгүттөө иштерине адабий-музыкалык уктурууларды, кино фильмдерди көрүү, көркөм иллюстрацияларды көрсөтүү менен ангемелешүү, диспуттарды өткөрүү, көргөзмөлөрдү уюштуруу, белгилүү чыгармачыл адамдар менен тез-тез чыгармачылык кечелерди өткөрүп туруунун мааниси зор.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004