Хореография

Википедия дан

Хореография (гр. choreia - бий жана...графия) –

1) терминдин алгачкы мааниси - бий жазуу. Бий жазуу аракети 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында башталганы менен, 17-кылымдын аягы - 18-дын башында гана француз балетмейстерлери жана бий мугалимдери (П. Бошан, Р. Фейе, П. Рамо) тарабынан системага келтирилип, кийин кеңири тараган. «Хореография» терминин «Хореография же бий жазуу өнөрү...» (1700) китебинин автору, бий устаты Р. Фейе киргизген. Россияда 18-кылымдын аягында бий жазып алуунун системасы түзүлгөн;

2) бий жана балеттерди жазуу искусствосу;

3) жалпы эле бий искусствосу, к. Бий.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4