Көрүк

Википедия дан
鞴 Көрүк

Көрүк - отту кызытуу үчүн темир усталар тарабынан колдонулган шаймандардын бир түрү. Аны улам-улам ачып-жаап, отту карай багыттаганда, оттун температурасы жогорулап, темирдин эришине жакшы шарт түзүлөт. Ийге келген темир менен уста жеңил иштейт.

Көптөгөн кылымдар бою колдонулуп келген бул шайман Кыргызстанда азыркы учурда да аттын такасын, мыгын жасоодо кеңири колдонулгандыгын көрүүгө болот.