Көтөрүңкү сезим

Википедия дан

Көтөрүңкү сезим (орус. Возвышенное) – демейдегиден айырмаланып, кандайдыр бир окуя, кылган иши же идея жөнүндө, алардын маанисинин чоңдугу менен тереңдигин билдирген жана көтөрүңкү сезимди туюндурган эстетикалык түшүнүк.
Мисалы: спорттук таймашууда улуттук желек көтөрүлүп, Гимндин аткарылышы ушундай сезимди пайда кылат.

Көтөрүңкү сезим жөнүндөгү түшүнүк антикалык доордо эле пайда болуп, классизм мезгилинде ары өнүгөт. Маркстик эстетика көтөрүңкү сезимди сулуулук түшүнүгү менен каршы койбой, тескерисинче аларды патриоттук сезим, эл массасынын чыгармачыл ишкердиги менен тыгыз байланышта караган.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8