Көчмөндүк

Википедия дан

Көчмөндүк, номадизм (грекче nomas, nomados – көчүү, көчүп жүрүүчү) – калк тиричилигинин малчылык менен байланышкан турмуш образынын өзгөчө формасы. Отурукташпаган, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн көчмөн элдин турмушу. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башында эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында же Евразиянын тоо-талаа жерлеринде жашаган уруулардын көчмөн малчылыкка өтүшүнө байланыштуу Көчмөндүк пайда болгон. Көчмөндүккө өтүү мал башынын көбөйүшүн, ээн жерлердин өздөштүрүлүшүн, уруу аралык байланыштардын өөрчүшүн шарттаган. Адегенде Азиянын Кара деңиз жээктеринин, Түндүк Африканын тоо-талааларын мекендеген көчмөн чарбаларда кой, эчки, төө, жылкы багылган; кийинчерээк Арктика аймагында көчмөн бугу чарбасы пайда болгон. Орто Азиянын негизги урууларында чоң аймактарга көчүп-конуп жүрүүчү чыныгы көчмөн чарбалар 10–11-кылымдарда калыпка салынган. Жер шартына жараша Көчмөндүктүн негизги үч түрү болгон: 1) «меридиандык» (казактар сыяктуу малды жайында түндүккө, кышында түштүккө сүрүү) көчүү; 2) «чөлдүк» (түркмөндөр сыяктуу малды кудуктан кудукка же кудук тегерегине айдоо) көчүү; 3) «тике» (кыргыздар сыяктуу малды өрөөндөгү кыштоолордон бийик тоолуу жайлоолорго сүрүү) көчүү. Айрым элдерде (курддар, афгандар) Көчмөндүктүн отурукташкан, чала көчмөн түрү өкүм сүргөн. Көчмөндөр мал менен гана чектелбестен, дыйканчылык, соода-сатык, аңчылык менен да кесиптенишкен. Көчмөн калктар убактылуу чоң саясий бирикмелерге («көчмөн империялар») баш кошуп, чоң аймактарды каратып, тарыхый процесске таасир тийгизген. Көчмөн элдер материалдык (боз үй, анын жасалгалары, ат жабдыктары, айрым жоо куралдары, колдонмо искусствонун үлгүлөрү ж. б.) жана рухий (баатырдык эпос, элдик оозеки лирикалык ырлар, жомоктор ж. б.) маданияттын өзгөчө түрүн иштеп чыккан. Бирок Көчмөндүк коомдо уруулук мамилелер сакталып, өндүрүш жай өнүгүп, натыйжада социалдык мамилелердин өөрчүшү кечеңдеген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында көчмөн элдерди отурукташтыруу ишке ашырылган. Учурда көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган эң байыркы кыргыздардын турмуш-тиричилиги дүйнөлүк маданияттын бир тармагы катары иликтенүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]