Көчүп жүрүүчүлөр

Википедия дан

Көчүп жүрүүчүлөр – орус көркөм искусствосунун тарыхында көрүнүктүү алдыңкы ролду ойногон демократиялык багыттагы «Көчүп жүрүүчү көркөм көргөзмөлөр шериктештигинин» катышуучулары. Шериктештик 1870-жылы пайда болгон, к. Сүрөт­чүлөр артели макаласын. Анын негизги максаты реалисттик чыгармаларды элге кеңири жайылтуу жана Россиянын элет жериндеги көркөм турмушту активдештирүү болгон. Бирок өзүнүн алгачкы кадамынан баштап эле бирикме орус көркөм сүрөт искусствосунун демократиялык жана реалисттик күчтөрүнүн уюштуруу жана идеялык борбору катары кеңири мааниге ээ болгон. реакциячыл, антиреалисттик көркөм агымдар менен, так айтканда абстракттуу, консервативдүү академизм менен күрөшүүнүн башкы тирегине айланган. К. ж-дүн көркөм искусствосу эң курч идеялык курал болгон. Алар ачык, туура көркөм формада орус коомунун турмушунун бардык жактарын чагылдырышкан. К. ж. анын «жогоркуларын» – помещиктер менен поптордун, көпөс менен банкирлердин бетин ачып, ашкерелеген. Алар зор урмат жана сүйүү менен элге мамиле кылышкан, жумушчулар менен дыйкандардын оор турмушун көрсөтүшкөн. К. ж. өз элинин кубаттуу күчүнө ишенишкен жана ачык, рухий бийиктигин жана сулуулугун даңкташкан, эзүүчүлөргө каршы эл массасынын жетилип келе жаткан протестин көрсөтүшкөн. Мына ушунун бардыгында К. ж. кеңири эл массасынын аң-сезиминин өсүшүндө, турмуштун караңгы жактарынын бетин ачууда кубаттуу курал деп көркөм искусствону билүүгө чакырышкан жана дыйкандар революциясы үчүн күрөшкөн улуу орус революционер-демократтары Белинский, Чернышевский, Добролюбовдун коомдук-саясый жана эстетикалык көз караштарына таянышкан. К. ж-дүн чыгармачылыгы реакционерлердин айыгышкан каршылыгына туш болгон жана алар К. ж-дүн жаңычыл көркөм искусствосунун беделин түшүрүүгө аракет кылышкан; аны идеялык жактан «турмуштун одонолугу менен ыпластыгынын чордону» деп жарыялашкан, ал эми эстетикалык жактан көркөм кооздугу жок, күндөлүк, кадыресе натурализмге берилген деп күнөөлөшкөн. К. ж-дү бөлүп, аларга Суриков, Репин сыяктуу улуу чебер сүрөт­чүлөрдү каршы коюуга аракет жасашкан. Бирок реакционерлердин үмүтү таш капкан. Пайда болгон учурдан баштап, отуз жыл аралыгында К. ж-дүн шериктештиги орус көркөм искусствосунда көрүнүктүү алдыңкы ролду ойногон жана ал бир эле Россиянын өзүнчө улуттук областтарында алдыңкы көркөм искусствонун калыптанышына чоң таасир тийгизбестен, кээ бир чет өлкөлөрдүн (Польша, Чехословакия жана башкалар) да көркөм искусствосунун өнүгүшүнө түрткү берген. Шериктештиктин биринчи уставына В. Г. Перов, Г. Г. Мясоедов, А. К. Саврасов, И. М. Прянишников, Н. И. Крамской, Н. Н. Ге, К жана М. П. Кеолттор, И. И. Шишкин, В. Е. жана К. Е. Маковскийлер, В. И. Якоби, А. И. Корзухин, К. В. Лемох, Л. Л. Каменевдер кол коюшкан. Натыйжада, К. ж. өз катарында жүздөн ашык адамдын башын бириктирген жана алар И. И. Левитан, В. М. Васнецов, В. И. Суриков, И. Е. Репиндер курамына кирген XIX кылымдын экинчи жарымындагы көрүнүктүү орус сүрөтчүлөрүнөн турган бирикме болгон. Шериктештик пайда болгондон тартып белгилүү, чыгаан орус сынчысы В. В. Стасов К. ж-дүн кызуу коргоочуларынан болгон. К. ж-дүн башкы эл тааныган идеологу деп И. Н. Крамской эсептелген. Шериктештик 50 жылдан ашуун иштеген (биринчи көргөзмөсү 1871-ж., ал эми акыркы 48 көргөзмөсү 1923-ж. болуп өткөн). К. ж. (И. Репин, В. Перов, В. Максимов, К. Савицкий, В. Маковский, А. Ярошенко, С. Коровин жана башкалар) өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу көркөм сүрөт искусствосунун бардык жанрлары менен түрлөрүндө эң зор маанидеги сапаттык секирик жасашкан, бирок алардын иши турмуштук жанрда айрыкча алгылыктуу болгон жана чоң социалдык эле эмес, ошондой эле рев-ялык мазмунду да берген. Элдин улуулугун даңазалаган, анын тарыхый иштерине арналган К. ж. картиналары (В. Суриков, В. Васнецов) тарыхый жанрдын өнүгүшүндөгү таптакыр жаңы көрүнүш эле. К. ж-гө өзүнүн мүнөздөмөсүнүн терең социалдуулугу менен орус портрети (В. Перов, И. Крамской, И. Репин) да милдеттүү. Ырасын айтканда, К. ж-дөн орус улуттук пейзажынын тарыхы башталган. Анын мыкты барактарын И. Левитан, А. Саврасов. А. Куинджи, И. Шишкин, М. Клодт жазып калтырышкан. К. ж. 1890–1900-жылдары жумушчу табынын революциячыл күрөшүн жана турмуш-тиричилигин чагылдырган биринчи орус сүрөтчүлөрүнөн болуп эсептелген (Ж. Касаткин, С. Иванов, Л. попов). К. ж-дүн көбү өз көркөм искусствосун Улуу Октябрь социалдык революциясына чейин жеткиришкен жана улуу орус реалисттеринин мурасын жаш совет көркөм искусствосуна өткөрүп беришкен. К. ж. сүрөтчүлөр Н. Касаткин, А. Архипов, В. Поленов Сов. Россиянын биринчи Эл сүрөтчүлөрү болушкан. К. ж-дүн көркөм искусство традициясы советтик көркөм искусство жана биздин замандын бардык прогрессивдүү көркөм искусствосу этияттык менен кабыл алган өткөн замандын эң маанилүү прогрессивдүү традициясы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]