Көңүл айтуу ырлары

Википедия дан

Көңүл айтуу ырлары - кыргыз элдик поэзиясындагы каада-салт ырларынын бир түрү.

Мындай ырлар жалпы уруу, эл, жеке үй же киши башына түшкөн кайгы-капа, өлүм житимге байланыштуу чыгарылат. Көңүл айтуу ырлары башка элдерде да бар. Көңүл айтуу ырларында киши кайгысына ортоктошуу, аны жеңилдетүү, кайрат берүү сыяктуу идеялар берилет.

  • Кыргызда Көңүл айтуу ырлары адатта эки бөлүктөн турат;
  • биринчи бөлүгү - бул же тигил кейиштүү абалды угузуу;
  • экинчи бөлүгү - көңүл айтуу.

Оозеки чыгармачылыкта көңүл айтуунун ыр түрүндөгү үлгүлөрү көбүрөөк сакталып, көңүл айтуу салтына байланыштуу калыптанган атайын сөз формулалары арбын колдонулат (мисалы, «Атаң өлсө, тайлак бар, жүгүн жерге калтырбайт», «Шумкар учса, туйгун бар, тууру анын бош калбайт»).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.