Көөлү суусу

Википедия дан

Көөлү суусуБорбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаздын оң куймасы. Ак-Суу районунун аймагында. Узундугу 51 км, аянты 844 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталынан башталган Көл-Төр жана Көөлү кырка тоосунун түндүк капталынан башталган Кара-Төр сууларынын кошулушунан түзүлөт. Негизинен мөңгү (49%), кар (21%) жана булак (30%) сууларынан куралат. 16 куймасы бар.

Ирилери: Моло, Шаркыратма, Сары-Чат, Каракол-Төр, Ашуу-Төр, Кара-Төр, Борду-Төр, Орой-Суу, Чоң-Киндик, Сары-Булак. Алабында жалпы аянты 216,2 км2 келген 150 мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 13,5 м3/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]