К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы

Википедия дан

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы - балдарды, өспүрүмдөрдү, жаштарды, балдар менен иштеген мекемелер менен уюмдардын кызматкерлерин, ата-энелерди китепканалык-библиографиялык жактан камсыз кыла турган адистештирилген, илимий-маалыматтык, маданий, билим берүүчү, бош убакытты көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүчү мекеме болуп эсептелет.

Китепкананын негизги максаты:

  • Китепкана адамдын дүйнөлүк жана улуттук илим менен маданияттын байлыгынан пайдалануу боюнча конституциялык укугун, өзүнүн китеп фондусунун баарыга бирдей түшүнүктүүлүгүн жана алардын курамы жөнүндөгү маалыматтын толуктугуна кепилдикти камсыз кылат;
  • Китепканалык фондду түзүү, эффективдүү пайдалануу жана анын сакталышын камсыз кылуу;
  • Окурмандардын китепканалык-библиографиялык жана маалымат алуу боюнча суроолорун канаттандыруу;
  • Балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын ар тараптуу кызыгууларын жана керектөөлөрүн толук канаттандыруу, инсанды профессионалдык, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өстүрүү максатында кошумча билим берүүнү уюштуруу;
  • Китепкананын китеп фондусуна ар башка китепканалардын китеп фондуларын чагылдырган электрондук жана автоматташтырылган маалымат базасын түзүү, пайдалануучулардын маалымат базасынан жана башка маалыматтык ресурстардан эркин пайдаланууну уюштуруу;
  • Китепкана иши боюнча жаңы тажрыйбаларды программаларды жана проектилерди ишке киргизүү максатында республиканын жана чет өлкөлөрдүн китепканалары менен болгон ишмердикти координациялоо жана кызматташуу;

Китепкананын штаты - 158 кишиден турат. Китепкананын китеп фондусу – 500.000 нускадагы китептер жана мезгилдүү басылмаларды түзөт. Окурмандардын китепканага бир жылда катышуусу— 150 000 адам. Бир жылда китеп берүү - 500 000 нускага барабар.

Китепканада 14 бөлүм жана борборлор бар:

  • окурмандарды каттоо жана эсепке алуу бөлүмү;
  • адабияттарды топтоо жана кайрадан иштеп чыгуу бөлүмү;
  • бөбөктөрдү тейлөөчү «Балалык» бөлүмү;
  • өспүрүмдөрдү жана жаштарды тейлөөчү «Жаштык» бөлүмү;
  • «Мекен таануу» бөлүмү – край боюнча адабияттар ;
  • маалыматтык-библиографиялык бөлүм;
  • китеп сактоо бөлүмү;
  • «Искусство» бөлүмү- ноталык - музыкалык адабияттар;
  • мезгилдүү басылмалар бөлүмү;
  • методикалык жана массалык иштер бөлүмү;
  • «Америка борбору» бөлүмү -- АКШнын элчилиги каржылайт ( Интернет, АЛА ТВ, Маектешүү клубу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн англис тилин үйрөнүү курсу жана башка акысыз жүргүзүлөт);
  • «Соростун китептер» борбору – «Сорос Кыргызстан» фондусу уюштурган;
  • «Өнүгүү үчүн маалымат» борбору - ДБ, АБР, кызматташтык боюнча Швейцардык бюро, DIFID менен шериктештик проект;
  • «Китеп ордосу» борбору – КРнын Президенти Р.И. Отунбаеванын демилгеси боюнча ачылган.

Китепкана жылына 700 гө жакын массалык иш-чараларды өткөрөт: алардын арасында китептердин аземдери, жазуучулар менен жолугушуулар, викториналар, маектешүүлөр, экскурсиялар жана башкалар бар. Ошондой эле китепканада ийримдер жана клубдар иштейт:

  • «Чебер колдор»;
  • «Китептердин ооруканасы»;
  • «Сыйкырдуу ийне»;
  • «Жолукчу жерди өзгөртүүгө болбойт» кызыктуу жолугушуулар клубу;
  • «Ак шумкар» клубу;
  • Библионяня;
  • Этикет мектеби;
  • «Көчө тандоо» - багуусуз калгандар үчүн иш-чаралар.

Проектилер жана программалар боюнча иштер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Камкор» программасы Китепканада майып балдар менен иштөө үчүн бир нече программа иштелип чыккан. Бул программалар боюнча китепти пайдалануучулар салт болуп калыптанып калган формада эмес, өзгөчө шарттар менен тейленет. Программанын алкагында китепти керектөөчүлөр үчүн үйүнө барып китеп берүү, маалыматтык-реабилитациялык борбордогу «Камкор-плюс» иштери, кампьютердик жана Интернеттен пайдалануу сабатына ар бир майып баланы жекече үйрөтүү, ата-энелерине жана ал балдарга психологдун жана юристтин кеңештерин уюштуруу, таймаштарды жана семинарларды өткөрүү. 2011-жылы иштер төмөнкүдөй багытта жүргүзүлөт :

  • Балдардын үйлөрүнө барып китептер берилет;
  • Маалыматтык Реабилитациялык борбор «Камкор + «ишмердигинде – 100 баланы тейлөө; Программанын ишин улантуу менен балдарды социалдык жактан интеграциялоо («Музыкалык арттерапия», Куурчак театры, саламатты сактоо кызматкерлеринин берген кеңеши жана башка)
  • Майып балдар менен жума сайын «Камкор» программасы боюнча музыкалык-хорео-арт терапия боюнча сабактар өткөрүлөт.
  • «Күнөстүү шаар» – «Камкор» программасынын алкагында Коомдук «Мөлтүр көз» фонду менен бирдикте даярдалган. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу социалдык жактан коргоо мамлекеттик агенттиги каржылаган жаңы проект (2010-2011-ж.ж.). Проекттин максаты—мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын катышуусу менен «Күнөстүү шаар» театрын ачуу жана актёрлук чеберчиликке үйрөтүү.
  • «Искусство фестивалы» - реабилитациалык борборлордун тарбиялануучуларынын арасында өткөрүлгөн өздүк көркөм чыгармачылыгынын концерттери жана колдо иштетилген буюмдардын сынактары. Фестивалга бул аталган «Оберег», «Жаңыртуу», «Чоң умтулуу» реабилитациалык борборлордон, Кеминдеги «Ырайым» атайын мектеп - интернаттан, көзү начар көргөн жана көрбөгөн балдар үчүн мектеп-интернаттан, кулагы укпаган балдар үчүн мектеп-интернаттан, кулагы начар уккан жана кийин укпай калган балдар үчүн мектеп-интернаттан балдар катышат.

« Келечек» программасы

  • «Көчө тандоо» ( Выбор улицы) программасы: багуусуз калган балдар үчүн ар түрдүү иш чараларды уюштуруу жана китеп окууга тартуу.

Өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында баңгиликке жана СПИДге каршы алдын ала иштерди жүргүзүү боюнча:

  • Саламаттык сактоо уюмдары ж-а СПИД Республикалык борбору менен ишмердигин координациялоо (лекциялардын өтүлүшү);
  • Таза турмушту чагылдырган, дайыма жаңыртылып туруучу көргөзмө уюштуруу;
  • Тегерек стол, жолугушуулар, диспуттар, маектөөшүүлөр жана башка өткөзүлүп турат.

Этикет мектеби:

  • Этика, толеранттуулук, тартип боюнча сабактар өткөрүлөт.

Китепкананын пректик ишмердиги. «Өнүгүү үчүн маалымат» борбору:

1.Китепканадан пайдалануучулар үчүн 2005-жылдан тартып акысыз Интернет кызматы уюштурулган . 2.Борбордун ишмердигин уюштуруу : китеп фондусун, мезгилдүү басылмаларды топтоо, жолугушууларды, семинарларды, таймашууларды өткөрүү. 3. Эл аралык уюмдардын жана фонддордун (АБР, ВБ, ШУРС, DIFID) маалымат базалары жана маалыматтык материалдары берилет.

АКШнын элчилиги. Маалымат- ресурстук «Америка борбору»:

1. Үй-бүлөсү аз камсыз болгон балдар үчүн борбордо акысыз англис тилин үйрөнүүгө, Жогорку окуу жайына кирүүгө даярданууга бардык шарттар түзүлгөн, маектешип-сүйлөшүүчү клубдар, курстар, англис тилинде сүйлөшкөн АКШнын элчилигинин кызматкерлери менен жолугушууларды, майрамдарды, викториналар, мелдештери уюштурулган. 2. 2008-жылдан бери китепканадан пайдалануучулар үчүн акысыз Интернет кызматы жана АЛА ТВ кабельдик телевидениясы уюштурулуп берилген.

К.Баялинов атындагы библиотека жылына мезгилдүү басылмалардын 266 аталыштагы санын алат. Алардын 222 си гезит жана 44 аталыштагы журналдар.