Кaрa кунaс

Википедия дан
Kaрa кунaс.

Kaрa кунaс (лат. Ciconia nigra, Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бирин-серин. Локалдык популяциясы Түштүк Африкада. Пириней жарым аралынын батыш бөлүгү. Элңба өрөөнүнөн Австрия, Словения, Хорватия, Албаниядан чыгышты карай Алданга чейин; Амурдун, Приморңенин капшыты. Түндүккө карай Ленинград, Вологда жана Киров областтарына чейин, Урал өзөнү, Урал кыркаларынын аймактары жана Батыш Сибирден 61- параллелге чейин, Енисей өзөнүнөн Тунгус Подкаменный өрөөнүнө чейин, Волга өзөнү. Түштүк тарапта Албания, Болгария, Кичи Азия, Түндүк Иран жана Афганистанга чейин, Тянңшанң, Алай системасынын түштүк беттери, Гоби Алтайы, Кентей, андан кийин ареалдын чеги түштүккө карай кетип, батыштагы Цинхайга чейин, андан кийин Ганңсудан түндүк Хубейге чейин. Кыргыз Республикасында уялоо учурунда Ысыккөлдө, Борбордук, Ички жана Батыш Тянңшанда, Памир-Алайда кездешет.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийик тоолуу жана токойлуу алкактагы обочолонгон суу-саздуу жайларда болушу мүнөздүү, ошондой эле жарларга жана зоолорго жакын болушат.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат өтө аз. Айрым маалыматтар боюнча КРсында 25 жупка чейин каракунастар жашаганы белгилүү . 1996-жылы август-сентябрң айларында Киров суусактагычынын аймагында 20 особго чейин кунастардын жолукканы байкалган. Чыгыш Ысыккөлдүн орто бийик тоолорунун саздуу шалбааларында сейрек кездешет, болгону 1км2 0,3 особң.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африкада, Түндүк Индияда, Пакистанда, Непалда кыштайт, келгин куш. Ошондой эле түштүк Кытайда, Тайванда, Түндүк Лаосто жана Вңетнамда кыштайт . Апрелң-март айларында учуп келет . Уялары бак-дарактан турган материалдан салынган. Кыргызстанда июнда уяда темир канат же учууга даяр балапандар табылган. Уяда 2-5 балапан, алар июлдун аягында канат кагып калышат. Сентябрң айына чейин чоңдору менен жаштары уялаган жерлерине жакын болушат, алардын учуп кетиши октябрң-ноябрда.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоого ыңгайлуу жерлерди кургатуу же аларды чарбага керектөө максатында пайдалануу. Сейрек болсо да, киши тарабынан түздөн-түз кырып жоготуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Европанын зоопарктарында ийгиликтүү көбөйүшү боюнча мисалдар бар. Кыргызстанда колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. 1948 жылдан баштап анчылыкка тыюу салынгын.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кунастардын уялоочу жерлерин жана ага жакын жайларды чарбачылыкка пайдалануудан чыгарып, анын ордуна чакан заказниктерди түзүү. Ал жерлерди айыл өкмөтүнүн коргоочу жер фондусуна киргизүү. Эгерде мындай жерлер менчикке кирсе, анда жер ээлери менен зарылчылык жөнүндө маек жүргүзүп аларга кирешенин алңтернативдүү башка жолдорун сунуш кылуу зарыл.Бүткүл уялоочу жерлерин картага түшүрүү, көбөйүшүнүн биологиясын, кышташын жана спутник антеннасынын жардамы менен көчүү жолдорун изилдөө. Уялоочу, учуп өтүүчү жана кыштоочу жерлеринде каракунасты сактоо боюнча регион аралык стратегияны иштеп чыгуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория, Near Threatened, NT: R. КР-сынын фаунасындагы уруунун эки түрүнүн бирөө. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]