Лагыл

Википедия дан

Лагыл, Лаал (арабча лаьл) — асыл таштын түрү. Мусулман элдеринин поэзиясында Л. түз жана каймана мааниде кеңири колдонулат. «Манас» эпосунда жакут, көөхар, зумурут таштары менен бирге Л. өзүнүн түпкү маанисинде көп учурайт: «Зумурут, көөхар, лагыл таш, Эки миң төөгө артылып» (Сагымбай Орозбаков, 4. 349—350).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4