Лайлиева Илимкан

Википедия дан

Лайлиева Илимкан (1953 ж. туулган, Бишкек ш.) – 1975 ж. КМУнун филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн бүтүргөн. 1995 ж. “Орус жана дүйнөлүк адабияттын традициясы кыргыз прозасында” деген нуктада докторлук диссертация коргогон.

Лайлиева өзүнүн көп сандаган газета – журналдык жарыялоорунда жана монографияларында жасаган талдоолорунун жана корутундуларынын негизинде Кыргызстандагы Айтматов-таануу илимине олуттуу салым кошкон. Изилдөөчүнүн эң биринчи көлөмдүү эмгегиндеги каралган көйгөйлөрүн формулировкасынан көрүнүп тургандай, бул эмгек советтик адабият таануу илиминин салтарында жазылып ишке ашырылган.

Лайлиева изилдөөсүнүн мазмунун негизги үч бөлүмгө бөлүп караган. Адабиятчы кыргыздын аңгеме жанрынын чеберлери болуп саналган А. Саспаев, М. Байжиев, М. Мураталиевдин аңгемелеринде өтө ачык көрүнгөн психологизмдин кыргыз кара сөзүндөгү жаңы көрүнүш катарында далилдүү жана аргументтүү ачып бере алган. Сөз болуп жаткан монографияда У. Абдукаимовдун “Майдан” романына атайын бөлүм арналганы табигый зарылдык жана мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени, дал ушул чыгармада эпикалык түргө жаткан роман жанры тереңделген, өркүндөтүлгөн психологизм менен ишке ашырылган. “Азыркы кыргыз кара сөзүндөгү улут аралык фактор жана психологизм” деген монографиясынын жыйынтыктоочу бөлүмү бүтүндөй Ч. Айтматовдун чыгармалыгына арналган. Бул түшүнүктүү. Анткен себеби, психологизм өзүнүн бүткүл касиет-сапаттары менен, өзүнүн тереңдеген жана өсүп-өрчүгөн күчү менен кыргыз адабиятына Ч. Айтматовдун чыгармалыгы менен келди. Ч. Айтматовдун чыгармалыгы, жазуучунун индивидуалдуулугу жана жаңычылугу жекече, автономдуу эмес, дүйнөлүк адабияттын, айрыкча орус адабияты менен болгон тыгыз органикалык байланыштарда каралат. Окумуштуунун дагы бир китеби “Орус классикалык жана дүйнөлүк адабияттын салтары кыргыз кара сөзү” деп аталат. Бул эмгегинде автор совет мезгилинде дээрлик куугунтукка алынган салыштырма адабият таануу илиминин методологиясынын негизинде кыргыз адабиятынын орус жана дүйнөлүк адабияттын ортосундагы тикеден-тике жана кыйыр байланыштарды изилдөөгө алган.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004