Ламетри, Жюльен Офре де

Википедия дан
Ламетри.

Ламетри, Жюльен Офре де (1709—1751) — француз материализминин философиясы катарында белгилүү болгон багытты түзгөн Француз философторунун биринчиси.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Франциянын түндүгүндө Сен-Малодо, көпөстүн үй-бүлөсүндө туулган. 16 жашка чыга элегинде эле өзү өтө терең ишенген динден көңүлү кайтып, дин кызматчысынын карьерасынан баш тартат. Ал өзүн врачтык кесипке арноону чечет. Париж университетинин медицина факультетин бүтүрүп, врач катарында ийгиликтүү иштеп, медицина жагында бир нече эмгектерди жазат, Парижде королдук гвардиянын врачы болуп дайындалат. «Жан жөнүндө трактат» (1745) деген чыгармасын жарыялайт жана ушуга байланыштуу куугунтукка алынгандан кийин адегенде Голландияга, андан кийин Германияга кетүүгө аргасыз болот. Германияда Фридрих Инин сарайында врач болуп дайындалат. 42 жашында ич оорудан, мүмкүн, ууланып өлөт.

Тааным процесси жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тааным процессин Ламетри төмөнкүчө түшүнгөн: нерселерди сезим аркылуу кабылдоодон биз тажрыйбалык-эксперименталдык изилдөөгө, андан кийин фактыларды жалпылоого өтөбүз, ал фактылар эмпирикалык текшерүүдөн өтөт. Тажрыйбага Ламетри чоң маани берген, бирок ал тажрыйба философиялык жактан жалпыланууга тийиш. Адам «мээ экраны» болуп саналат, ал экранда тышкы предметтер чагылып көрүнөт, бирок предметтердин күзгүдөй чагылып көрүнүшү көздүн чечекейинде гана болуп өтөт, ал эми чындыкты таанып-билүү адамдын акыл-эси аркылуу жетишилет.

Жаныбарларда эч кандай туюм-сезим болбойт деген декарттык жобого каршы чыгып, бардык жандуу нерселер бирдей туюп — сезүү жөндөмдүүлүгүнө ээ деп эсептейт жана бул адамга гана эмес, бардык жаныбарлар үчүн да мүнөздүү. Бул көз карашты ал «Адам-машине» (1747) деген китебинде өнүктүрөт. Чыгарманын аталышы адам проблемасына механикалык мамиле жасоону көрсөтүп турган менен,өзүнүн маңызы боюнча Ламетринин көз карашы адамды механикалык түрдө түшүнүүдөн алыс болгон. Адам, Ламетринин пикирине ылайык, механикалык түзүлүштөрдөн олуттуу айырмаланат, анткени адам сезүүгө, ой жүгүртүүгө, жакшылыкты жамандыктан айрып билүүгө жөндөмдүү болгон өзгөчө түрдөгү машине. «Адамдын бой-денеси — бул өзүн өзү буроочу машине, үзгүлтүксүз кыймылдын нак өзү». Адам — бул саат механизми, ал механизм механикалык ык менен буралып иштетилбестен, тамак-аштын, азык ширелеринин канга кошулушу аркылуу жүрө турган механизм. Бул азык ширесин Ламетри «хилас» деп атаган.

Ламетри адамдын денесин саатка салыштырса да, ал адамдын организми бузулуп калганда да ,башкача айткандаооруп калганда да иштөөсүн уланта берет деп эсептейт. Ошентип, «адам-машине» Ламетри үчүн — «адам-жаныбар», ал бирдиктүү материалдык тирүү жан, органикалык дүйнөгө таандык тирүү жан болуп саналат.

Адамдын пайда болуусу тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ламетри философтордун ичинен биринчи болуп адамдын жаныбардан жаралышы мүмкүн экендиги жөнүндөгү ойду айткан. Ал ошондой эле, адамдын пайда болушунун себебин биологиялык факторлор менен гана түшүндүрбөө керек, адамдын калыптанышы үчүн тил жана сөз керек деп эсептейт.

Ламетри үчүн адамды тарбиялоо да маанилүү болгон: «Тарбия болбосо эң мыкты уюшулган акыл да өзүнүн бүткүл баалуулугун жоготот». Коомдук турмуш-адамды калыптандыруунун зарыл шарты.

Ламетри адам жаратылышынан эле арамза, куу, коркунучтуу жана эки жүздүү жаныбар, адамдар кара мүртөз болуп туулушат деп болжойт. Жакшы сапаттарды Ламетри адам коомдо жашоо процессинде ала турган тарбиянын натыйжасы деп эсептейт. Ал эми тарбиянын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң, анткени адамдар флюгерге (желекче) окшоп тарбиянын таасири менен бул же тигил тарапка бурула берет. Ошону менен бирге Ламетри адамдардын кээ бир терс мүнөздөрүнүн тубаса экендигин да танган эмес.

«Анти-Сенека» деген эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле убакта Ламетри «Анти-Сенека» деген эмгегинде аны адепсиз гедонист катарында көрсөткөн көптөгөн жоболорду да айткан. Өзүбүздүн туюмдарыбызга баш ийүүгө аракеттенип, аларды жанга жагымдуу кылууга умтулушубуз керек дейт ал. Биз үчүн жагымдуу болгон туюмдар деп Ламетри баарынан мурда адамдын жыныс жандуулук сезимин түшүнгөн. Жан жөнүндө эмес, дене-бой жөнүндө көбүрөөк ойлоо керек, денеге көбүрөөк ыракат берүү керек деп эсептейт ал. Бактылуу болуу үчүн, деген Ламетри, акылдын, билимдин кереги жок. Жыныстык ыракаттануу сезимин башынан өткөрүп жаткан адамды «чочкодой бактылуу» адам деп эсептейт. Ламетри сүрөттөп жазган адам образы жана анын өзүнүн да ошондой үлгүдө жашоого умтулушу ал жөнүндө чыр-чатактуу ушак-айыңдарды пайда кылган.

Коом тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол кездеги коомдук өнүгүүнүн негизин жалган ишенимдер жана жаңылыш түшүнүктөр түзүп турат, ошондуктан философия акыйкатты жайылтууга тийиш деп эсептейт. Мыйзамдардын жашап турган системасы философиянын таасири астында өзгөрүүгө тийиш. Философия гана мыйзамдардын адилетсиздигин жана жаңылыштыгын ачып-көрсөтүп бере алат, философия гана «эмненин ак ниет, эмненин кара ниет экенине, ненин жакшы, ненин жаман экенине» туура баа бере ала турган белгилүү көз карашка ээ. Мына ошентип, философия дегенибиз — коомду прогрессивдүү негизде чыныгы кайра куруунун каражаты. Мамлекетти ийгиликтүү башкаруу үчүн мамлекеттик ишмерлер философ болууга тийиш деп эсептеп, билимдүүлүккө негизденген абсолютизмди жактаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]