Ламинардык агым

Википедия дан

Ламинардык агым (лат. lamina – пластинка, жол-жол) ― катмарланып бир тартипке келтирилген суюктук же газ агымы. Ламинардык агым илээшкек эмес суюктуктарда же кичине ылдамдыктарда, ошондой эле кичине өлчөмдүү нерселерди суюктук каптап, жай агып өтүшүндө пайда болот. Ламинардык агым ичке (капиллярдык) түтүктөрдө, подшипниктердеги майларда, суюктукту (газды) айланып өтүүдө четки катмарда байкалат. Суюктуктун ылдамдыгы көбөйгөндө кандайдыр бир моменттен баштап, ламинардык агым турбуленттик агымга өтөт. Ал учурда суюктуктун бардык касиеттери, айрыкча агымдын түзүмү, ылдамдыктын профили, каршылык мыйзамы өзгөрөт. Суюктуктун агымынын режими Рейнольдс саны Re менен мүнөздөлөт. Re мааниси кризис Reкр чегинен кичине болсо, суюктуктун ламинардык агымы жүрөт. Эгерде Re>Reкр болсо, турбуленттик агым пайда болот. Reкр мааниси каралуучу агымдын түрүнө көз каранды. Цилиндр түрүндөгү түтүктөрдө Reкр~2300 (эгерде кесилиш боюнча орточо ылдамдык мүнөздүү ылдамдык, ал эми түтүктүн диаметри мүнөздүү өлчөм деп эсептелсе) болот. Reкр<2300 кезинде мындай түтүктө ламинардык агым жүрөт. Түтүк боюнча илээшкек суюктуктардын ламинардык агымы Пуазейль мыйзамы менен аныкталат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7