Ландшафт геохимиясы

Википедия дан

Ландшафт геохимиясыгеография менен геохимияга таандык илимий багыт. 20-кылымдын 40- жылдары пайда болгон. Геохимия, өзгөчө биогеохимия идеяларын жана ыкмаларын колдонуп, химиялык элементтердин ландшафттагы миграциясын изилдейт. Ландшафт геохимиясы В. И. Вернадский (биосфера), А. Е. Ферсман (чөлдөр менен уюлдук аймактардын геохимиясы) тарабынан башталып, Б. Б. Полынов тарабынан өз алдынча илимий багыт катары негизделген (1946). Көпчүлүк ландшафттарда атомдордун биологиялык айланышы, органикалык заттардын пайда болушу жана ажырап бөлүнүшү сыяктуу биогендик миграция негизги ролду ойнойт. Ландшафттардагы суулуу чөйрөдө физика- химиялык миграция басымдуулук кылат. Жер бетинин миграциянын айрым өзгөчөлүктөрү менен мүнөздөлгөн бөлүгү геохим. ландшафт деп аталат. Анын капталы, кыры, өрөөндөрү атомдордун миграциясы аркылуу бири-бири менен байланышта болот. Миграциянын өзгөчөлүктөрүнө жараша ландшафттардын геохимиялык классификациясы, карталары түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7