Лаперeз Жан Франсуа де Гало

Википедия дан
Лаперез (1785).

Лаперез Жан Франсуа де Гало (Galaup) [22. 8. 1741, Ле-Гюа, Альби шаарына жакын – 1788] – франциялык деңиз саякатчысы, граф. 1756-жылдан аскер флотунда болгон. 1785–88-ж. «Буссоль» жана «Астролябия» кайыктары менен дүйнөнү айланып чыккан экспедицияны жетектеген. Тынч океандын аралдарын, Американын түндүк-батыш жээктерин (Горн тумшугун айланып, Пасхи, Гавайи аралына жана Аляска булуңуна өткөн), Чыгыш Азияны жана Татар кысыгын изилдеген. Өзүнүн атынан аталган кысыкты, Монерон аралын, ошондой эле Сахалин менен Хоккайдо аралынын ортосундагы кысыкты ачкан. Ал жетектеген экспедиция Сидней шаарынан (Австралия) түндүктү карай чыгып, дайынсыз жоголгон. Алардын экспедициясы түшкөн кайыктын калдыктары 1826-, 1828- жана 1964-ж. Ваникоро (Санта-Круз а. тобу) аралынан табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7