Лаптев Дмитрий Яковлевич

Википедия дан

Лаптев Дмитрий Яковлевич (1701, Великие Луки уезди, Болотов кыштагы – 20 (31). 1. 1767, ошол эле жер) – орус уюл изилдөөчүсү, деңиз саякатчысы вице-адмирал (1762). 1718-ж. Балтика флотунда гардемарин болуп кызмат кыла баштаган. 1736-ж. 2-Камчатка экспедициясынын түндүктөгү бир отрядын жетектеген. Натыйжада «Иркутск» кемесинде сүзүп, кургактыкта чана менен жүрүп (1739–42), алгачкылардан болуп Түндүк Муз океанынан чыгышты карай Лена дарыясынын чатынан Чоң Баранов тумшугуна чейин (Колыма дарыясынан чыгышка) жеткен жана бул жерлерди сыпаттап жазган. Яна, Индигирка, Хрома, Колыма, Чоң Анюй жана Анадырь дарыясын Анадырдан Охота деңизиндеги Пенжина колтугуна чейин картага түшүрүп, Ыйык Антоний аралын да изилдеген. Анын ысмынан Лена дарыясынын дельтасындагы тумшук, Чоң Лиховск аралы менен Азиянын ортосундагы кысык, Түндүк Муз океанындагы деңиз аталаш туугандар Лаптевдердин урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7