Ластовендер

Википедия дан
Asclepias curassavica.

Ластовендер (лат. Asclepiadaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Жармашып, оролуп же түз өсүүчү бадал, бадалча, чөп, кээде дарак. Жалбырагы тушташ жайгашкан. Гүлү 2 жыныстуу, туура түзүлүштүү, 5 мүчөлүү. Гүлүнүн түзүлүшү курт-кумурскалар менен чаңдашууга ыңгайланган.

Мөмөсү — жапыракча. Ластовендерге сүттөй шире жанa интраксилярдык флоэманын болушу мүнөздүү. Алардын 290 урууга бириккен 2000 түрү негизинен тропик, айрымдары субтропик жанa мелүүн алкактарда таралган. Кө­үу уулуу. Дары-дармек жанa кооздук үчүн өстүрүлөт. Айрымдарынан боёк заттар, була алынат. Кыргызстанда 2 түр­ү бар, бири — жапайы, экинчиси атайын өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.