Лас-Пальмас шаары

Википедия дан
Лас-Пальмас.

Лас-Пальмас шаарыИспанияга таандык шаар. Канария арал автономия биримдигинин борбору (1982-жылдан). Атлантика океанындагы Канария аралдары тобундагы Гран-Канария аралында жайгашкан. Лас-Пальмас провинциясынын административдик борбору. Калкы 380,5 миң (2010). Ири порточо Канария архипелагындагы башка аралдар менен паром аркылуу катташат. Эл аралык аэропорту бар. Трансатлантика байланышындагы транзиттик пункт. Кеме оңдоонун эл аралык борбору.

1478-ж. негизделген. 1492-ж. Америкага болгон 1-экспедициясында Х. Колумб токтогон. Эски шаарда Санта-Ана собору (1497), епископтордун ак сарайы (1630), ратуша (19-кылым), СантоДоминго (17-кылым), Сан-Франсиско (1518) чиркөөлөрү, Заманбап искусствонун Атлантика борбору (18-кылым), Сан-Тельмо саат мунарасы (1694) жана башка сакталган. Университет, музейлер, жазуучу Перес Гальдостун үй-музейи, театрлар бар. Тамак-аш өнөр жай өнүккөн. Жашылча-жемиш консерва өндүрүшү, металл иштетүү, курулуш материалдар, суу тазалоочу жабдуу ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет. Деңиз климаттык курорточо Эл аралык туризмдин борбору. Жыл сайын карнавалдар, фестивалдар, эл аралык шахмат турнирлери өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7