Латын Америкалык эркин соода ассоциациясы

Википедия дан

Латын Америкалык эркин соода ассоциациясыЛатын Америкасындагы айрым өлкөлөрдүн (Бразилия, Мексика, Аргентина жана башка) региондук соода-экономикалык бирикмеси. Жети өлкөнүн (Аргентина, Бразилия, Мексика, Парагвай, Перу, Чили, Уругвай) Монтевидео келишимине (1960) кол коюшу менен түзүлгөн. 1980- жылкы Монтевидео келишими менен Ассоциациянын базасында Латын америкалык интеграция ассоциациясы түзүлгөн. Ассоциациянын негизги максаты – региондук кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканын өсүүсүнө өбөлгө түзүү, табигый ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болгон. Бул уюм түзүлгөндөн баштап ички экономикалык кызматташтык мамилелер өскөн. Жогорку башкаруу органы тышкы иштер боюнча министрлер кеңеши, ал эми аткаруу бийлиги катары туруктуу аткаруу комитети эсептелинген. Штаб-квартирасы Монтевидео шаарында (Уругвай) турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7