Лаутока

Википедия дан
Лаутока.

ЛаутокаФижи Республикасындагы шаар. Батыш округунун административдик борбору. Калкы 55,2 миң (2010; шаар айланасы менен 80 миң); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Сувадан кийинки 2-шаар. Нади эл аралык аэропорту (Лаутокадaн 25 км) бар. Тынч океандын жээгиндеги порточо 1789-ж. пайда болгон. 1977-жылдан шаар. Лаутока – «шекер борбору» деп аталып, өлкөдөгү эң ири кант заводу, улуттук ири компаниялардын офистери жайгашкан. Металл конструкциялары, жыгач иштетүүчү, тигүү, тамак-аш (суусундуктар) өнөр жай ишканалары иштейт. Жыл сайын кант фестивалы өткөрүлөт. Шаардын четинде эл аралык курорт комплекстери (пляж, дайвинг, яхтинг, гольф клубдары, алымсыз соода кылуучу дүкөндөр) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7