Ла-Плата шаары

Википедия дан
Ла-Плата.

Ла-Плата шаарыАргентинадагы порт шаар. Буэнос-Айрес провинциясынын административдик борбору. Пампанын чегинде, Ла-Плата ойдуңунда, Буэнос-Айрестен 56 км түштүк-чыгышта жайгашкан. Калкы 769,7 миң (2010). Жолдор тоому. Деңиз порту (жылына 5 млн т жүк ташылат). Кафедралуу собор (1885), Дардо-Роча пассажы (1883–95), Өкмөт үйү (1880), чиркөөлөр сакталган. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металл иштетүү, тамак-аш (анын ичинде эт) өнөр жай ишканалары, кеме оңдоочу ири завод иштейт. Университет (анын алдында астрономиялык обсерватория), китепкана, музейлер (анын ичинде дүйнө элдеринин куурчактары, музыкалык аспаптар, почта маркалары жана башка) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7