Лебедева Людмила Петровна

Википедия дан

Лебедева Людмила Петровна (28. 6. 1929- ж. туулган, Фрунзе) – биология илимдеринин доктору (1987). КАЧИни (1952), Кыргыз ССР ИАнын Биология институтунун аспирантурасын (1958) бүтүргөн. 1953- жылдан ошол эле жерде кенже, улук, жетектөөчү, 2001-жылдан КРдин УИАнын Биология жана топурак таануу институтунда жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштейт. Ботаника боюнча адис. Анын илимий эмгектери өсүмдүк дүйнөсүнөн ар түрдүүлүгүн калыбында сактоо маселесине багытталган. Бийик тоолуу жайыттарды илимий жактан негиздеп, андан жогорку түшүм алуу чаралар системасын иштеп чыккан. 120дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 15 монографиясы бар. Эмгектери: Календарь природы Киргизии (в соавторстве). Ф., 1985; Динамика и продуктивность субальпийских лугов северного макросклона Киргизского хребта. Ф., 1984; Продуктивность высокогорных экосистем Тянь-Шаня (соавторстве). Б., 1991; Растительный покров Западного Тянь-Шаня, Б., 2005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7