Лев Ландау

Википедия дан
Лев Ландау (1962).

Лев Давидович Ландау (физик кесиптештери адатта Дау дешкен; 1908-жыл 9(22)-январь, Баку, Азербайжан – 1968-жыл 1-апрель, Москва, Советтер Союзу) - советтик физик-теоретик, илимий мектептин негиздөөчүсү, СССР ИАнын академиги (1946-жылы шайланган) 1962-жылкы физика боюнча "Нобель" сыйлыгынын ээси.

Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954). Макс Планк атындагы төш белгинин (Германия) (1960), Фриц Лондон сыйлыгынын (1960), Ленин сыйлыгынын (1962) жана үч СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын (1946, 1949, 1953) лауреаты.

Лондон Королдук коомунун (1960), АКШ Улуттук илимдер академиясынын (1960), Дания Королдук илимдер академиясынын (1951), Голландия Королдук илимдер академиясынын (1956), Америка Искусство жана илим академиясынын (1960), "Леополдин" Илимдер академиясынын (1964) , Франсуз физика коомунун жана Лондон физика коомунун чет өлкөлүк мүчөсү.

Ландау теоретик-физиктердин көп сандаган мектептерин түзгөн. Е.М. Лифшиц, А.А. Абрикосов, Л.П. Горьков, И.Е. Дзялошинский, И.М. Лифшиц, И.Я. Померанчук, И.М. Халатников, А.Ф. Андреев, А.И. Ахиезер, В.Б. Берестецкий, С.С. Герштейн, Б.Л. Иоффе, Ю.М. Каган, В.Г. Левич, Л.А. Максимов, А.Б. Мигдал, Л.П. Питаевский, Р.З. Сагдеев, Я.А. Смородинский, К.А. Тер-Мартиросян, Ласло Тисса жана башкалар анын шакирттери болуп эсептелишет.

ОИАнын Теориялык физика институтуна Ландаунун аты ыйгарылган.

Көп ирет басылып, 20 тилде жарык көргөн классикалык фундаменталдуу "Теориялык физика курсунун" демилгечиси жана (Е.М. Лифшиц менен чогуу) авторлошу.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ленинград университетин 1927-ж. аяктаган. 1932-ж. Украина физика-техника институтунун теориялык бөлүмүн жетектеген. 1937-жылдан СССР ИАнын Физикалык проблемалар институтунда иштеген. ММУнун (1947), Москва физика-техника институтунун (1947–50) профессору болгон. Физиканын көп тармактары боюнча илимий изилдөө жүргүзүп, металлдардын электрондук диамагнетизм теориясын, антиферромагнетизм теориясын, экинчи түрдөгү фазалык өтүштөрдүн жалпы теориясын, суюк гелийдин өтө агуучулук теориясын, советтик физик-теоретиги В. Л. Гинзбург менен өтө өткөрүмдүүлүктүн жарым феноменологиялык теориясын түзгөн. Кванттык электр-динамикасынын, ферми-суюктук теориясынын үстүндө иштеген. Теориялык физика курсун жарыялаган (Е. М. Лифшиц менен бирдикте). РФ ИАнын Теориялык физика институтуна Ландаунун ысмы берилген.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]