Лексикология

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Лексикология (грек тилинен lexikos— сөзгө тиешеси бар жана logos — «окуу») — сөз жөнүндөгү илим. Бир тилдеги сөздөрдүн жалпы корун изилдөөчү илимдин тармагы. Тил илиминин бул тармагы тилдин сөз байлыгын, башкача айтканда лексикасын изилдейт.

Сөздүк курам же лексика жөнүндөгү тил илиминин бир бөлүгү лексикология деп аталат. Лексикология тилдин сөздүк курамын бүтүндөй бир система катары карап, аны ар тараптан текшерип үйрөтөт жана ошол милдетине жараша ал өзүнчө төмөнкүдөй маселелерди камтыйт.

Сөздүн мааниси деген эмне?[оңдоо | булагын оңдоо]

Сөздөрдүн маанилик жагы, башкача айтканда, сөздүн мааниси деген эмне, анын кандай типтери болот, маанилери кандайча өзгөрөт, жеке манилүү жана көп маанилүү сөздөр кайсылар, алардын пайда болуу жолдору, сөздөрдүн маанилик жактан өз ара калыптары, башкача айтканда, омоним, синоним, антонимдер жөнүндөгү маселелер лексикологиянын семасиология бөлүмүндө изилденет.

Лексикология өз ичинен экигө бөлүнөт: жалпы лексикология жана жеке лексикология. Жалпы лексикологияда жалпы тил илимине байланыштуу орток теориялар изилденсе, жеке лексикологияда кандайдыр бир белгилүү тилдин сөз байлыгын иликтейт.

Лексикологияда төмөнкү тармактар каралат:
- Сөз жана анын мааниси
- Сөздөрдүн өз ара байланышы
- Диахрондук лексикология жана синхрондук лексикология
- Кептин стилдик ар түрдүүлүктөрү
Тил илиминин бул бөлүгүнүн изилдөө объектиси сөз болуп эсептелет. Ошондой эле, сөз морфологияда каралатда каралат. Бирок морфологиядагы сөздөрдү изилдениши анын грамматикалык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Ал эми лексикологиядагы сөз түшүнүгүндө сөздүн мааниси жана анын жекече табиятына токтолуп, тилдеги сөз байлыгы иретинде кабылданат.

Лексикология аткарган милдетине карай төмөнкүдөй тармактарга бөлүнөт:[оңдоо | булагын оңдоо]

Семасиология[оңдоо | булагын оңдоо]

- (грек созу «semasia» - «белги», «тамган жана ogos» - илим", окуу») сөздөрдүн берген маанисин, башкача айтканда, сездун мааниси деген эмне, анын кандай типтери болот. маанилери кандайча озгерот, жеке маанилуу жана кеп маанилуу создер кайсылар, алардын пайда болуу жолдору, сөздердун маанилик жактан өз пра катыштары, тактап айтканда, омоним, синоним, антонимдер жөнүндөгү маселелерди уйрөтүүчү лексикологиянын н маанилүү тармагы.

Этимология[оңдоо | булагын оңдоо]

(грек cosy «etymons - чындык жана dogos» - илими, окуу>>) сөздөрдүн чыгыш тегин, анын кайсы тилдерден кабыл алынгандыгын тарыхый жактан иликтейт.

Ономастика[оңдоо | булагын оңдоо]

- (грек сөзү оnоmа» - am>, <amoo») энчилүү аттарды: адам аттары, жер-суу. ж.б. аттарын изилдейт.

4)

Фразеология[оңдоо | булагын оңдоо]

- (грек сөзү «<phrasez>> «туюнтма». речь түрмөгү». «logos» - «окуу», «илим») тилдеги туруктуу сөз айкаштарын үйрөтөт.

5) Лексикография - (грек сөзү «exikoz>> - сөздүк», «graphos-<<жазамын») сөздүктүн түрлөрү, аларды түзүүнүн теориясы, практикасы жана методикасы үйрөтүлөт.

6) Сыпаттама лексикология - тилдин сөздүк курамынын - азыркы кездеги абалын сыпаттап текшерет.

7) Тарыхый лексикология - тилдин сөздүк курамынын өсүп өнүгүү абалын тарыхый жактан иликтейт ж.б.

Ошентип,лексикология тилдин лексикасын аспектилеп изилдеп, көп кырдуу проблемаларды кучагына алат. Адамдын ойлоосунда заттардын жана көрүнүштөрдүн маанилүү касиеттерин, белгилерин, байланыш жана маанилүү жалпы катыштарын чагылдырган түшүнүктөр пайда болот. Бул түшүнүктөр тилде сөз аркылуу туюнтулат, башкача айтканда, ар кандай түшүнүктөр аталышка ээ болот.

Тилдеги ар бир тыбыш сөздөрдү кураштырып түзүүнүн материалы жана аларды айтуу үчүн керектелүүчү белги катарында колдонулат. Демек, бир же бир нече тыбыштардан куралып, түшүнүктүн атын билдирүү үчүн колдонулган, белгилүү бир мааниге ээ болгон тилдин эң башкы, борбордук бирдиги сөз деп аталат. Сөздөрдөнн сөз тизмектери, сүйлөмдөр түзүлүп, адамдардын ортосунда пикир алмашууну камсыз кылат.

Лексикологиянын бөлүмдөрү:[оңдоо | булагын оңдоо]

Фразеология — туруктуу сөз айкаштары жөнүндөгү илим.
Этимология — тил илиминин диахрондук багыттагы түрү, сөздөрдүн келип чыгышынын тарыхый жолдору изилденет.
Лексикография — сөздүктөрдү түзүүнүн теориялык жана практикалык ыкмалары жөнүндөгү илим.
Семантика — тил бирдиктеринин маанилерин изилдөөчү илим.