Лелюшенко, Дмитрий Данилович

Википедия дан

Лелюшенко, Дмитрий Данилович [20. 10(2. 11). 1901-ж. т., Новокузнец­кий айылы., Ростов обл., Зерноград р-ну] — сов. аскер начальниги, армиянын генералы (1959), эки жолу Советтер Союзунун Баатыры (1940, 1945), СССРдин баатыры (1970).

1924-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1918-ж. партизан отрядында, 1919-жылдан Сов. Армияда. М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1933), К. Е. Ворошилов атн. Жог. аскер ака­демиясын бүткөн (1949).

Совет-финн согушунда танкалык бригаданын ко­мандири Улуу Ата Мек. согушта Түн.- Батыш, Батыш, Калинин, Түш.-Батыш, 1, 3, 4-Украин фронтторунда механикалаштырылган ж-а аткычтар корпусунун командири, 1941-ж. октябрдан 5, 30,1, 3-гвард. армиялардын, 1944-ж. марттан 4-гвард. танкалык армиянын командири. 1956-жылдан Забайкал, 1958-жылдан Урал аскер округдарынын командачысы. 1960—64-ж. ДОСААФ БКнын пред-ли.

1964-жылдан аскер инспектору — Коргоо министерствосунун кеңешчиси. СССР Жог. Советинин (1, 5—6-шайл.) депутаты. Терт Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, башка 9 орден ж-а медалдар, чет өлкөлүк 5 орден м-н сыйланган. Ростов-на-Донуда бюсту орнотулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.