Ленкорань ойдуңу

Википедия дан

Ленкорань ойдуңу Азербайжан Республикасынын аймагында. Талыш тоосу менен Каспий деңизинин аралыгында жайгашкан кууш (жазылыгы 5–30 км), тектирлүү, деңизге карай эңкейиш түздүк (чыгыш бөлүгү саздуу, көлү көп). Климаты нымдуу субтропиктик. Июлдун орточо темпрасы 26ᵒС, январдыкы 0–3ᵒС. Жылдык жаанчачыны 1100–1700 мм (максимуму кышында жаайт). Нымдуу субтропиктик жазы жалбырактуу токой жана шалбаалуу-саздак ландшафт мүнөздүү. Саз-шалбаа жана сары-күл топурактары өөрчүгөн. Токою гиркан тибинде, анда каштан, жалбырактуу эмен, катыраңкы, ольха жана башкалар өсөт. Камыштуу саз жерлери бар. Шалы, чай, тамеки, жашылча, цитрус өсүмдүктөрү, курма, фейхоа, тунг жана башка өстүрүлөт. Ленкорань ойдуңунун аймагында жана Каспий деңизинин ага чектеш жаткан акваториясында Кызыл-Агач коругу уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7