Лесото коммунистик партиясы

Википедия дан

Лесото коммунистик партиясы (ЛКП) 1962-ж. 5-майда Уюмдаштыруу съездинде негизделген.

Ошол эле съездде партиянын уставы ж-а программасы кабыл алынган. ЛКП-нын түпкү максаты — Соц. Лесото Республикасын түзүү.

Ал демокр. күчтөрдүн Бириккен фронтун уюштуруу максатында өлкөнун бардык саясий партияларынын прогрессчил күчтөрү менен кызматташат.

1970-ж. февралда ЛКПге тыюу салынып. жетекчилери (ген. секретари Ж. Кена жана председатели Р. Матжи да) камалган. ЛКП жа­шырын иштейт. ЛКПнин делегациясы Коммунисттик жана жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмесине (1969, Москва) катышып, анын документтерин жактырган. ЛКП де­мокр. централизм негизинде курулат. Жог. органы — улуттук конф-я, алар­дын аралыгында Б К. ал Саясий бюрону шайлайт Тыюу сальнгыча «Мажам мохо» журналын чыгарып турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.