Лессинг Дорис Мэй

Википедия дан
Doris Lessing (2006)

Лессинг Дорис Мэй (Lessing, 22. 10. 1919-ж. туулган, Иран, Керманшах) – англиялык жазуучу жана публицист. Чыгармачылыгы 20-кылымдын 30-жылдары башталган. Анын алгачкы романы – «Чөп ырдайт» (1950). «Марта Квест» (1952), «Ылайыктуу нике» (1954), «Төрт дарбазалуу шаар» (1969), «Бешинчи бала» (1988) жана башка романдардын автору. «Аргустун архивиндеги Канопус» (1975–83, 5 китеп) аттуу чыгармалар түрмөгү жазуучунун реалисттик салттардан биротоло кол үзгөндүгүн көрсөтөт. «Тандалган аңгемелер» (1978, 2 китеп) Лессингдин кызыкчылыктарынын ар түрдүүлүгүн кайрадан ачып берет. Лессинг – «Боорукер террор» (1985), «Кайрадан сүйүү» (1996), «Мара менен Данн» (1999), «Альфред менен Эмили» (2008) романдарынын автору. Нобель сыйлыгынын лауреаты (2007).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7