Лиакат али хан Навабзада

Википедия дан

Лиакат али хан Навабзада (1. 10. 1895, Карнал – 16. 10. 1951, Равалпинди) – Пакистандын мамлекеттик ишмери, Британдык Индиядагы мусулмандар кыймылынын лидерлеринин бири. Алигхар мусулман университетинин юридикалык факультетин (1918), Оксфорд университетин (1921) бүтүргөн. 1923-ж. Индияга кайтып келип, Мусулман лигасына кирген. 1936–47-ж. анын генералдык секретары. 1923- жылдан Бириккен провинциялардын, 1940- жылдан жалпы индиялык мыйзам чыгаруу жыйынынын, 1946-жылдан Индия вице-королуна караштуу аткаруу кеңешинин мүчөсү. 1946-ж. октябрда Ж. Неру жетектеген Индиянын убактылуу өкмөтүндө финансы министри, 1948-ж. М. А. Жинн өлгөндөн кийин мамлекетти жетектеген. 1947-ж. Пакистандын премьер-министри жана коргоо министри. 1950–51-ж. Пакистан Мусулман лигасынын президенти. 1951-ж. Равалпиндиде өлтүрүлгөн. Пакистан республикасын түзүүгө чоң салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7