Лидия

Википедия дан

Лидия — байыркы убакта К. Азиядагы Герм дарныясынын өрөөнүндөгү мамлекет.

  • Анда хетт-лувий тилдеринин биринде сүйлөгөн лидиялыктардын инди-европ. уруулары жашаган. Алар б. з. ч. 7—4-к-да эле тамга жазуусун пайдаланган.
  • Б. з. ч. 7-к-да Лидияда адамзат тарыхында биринчи болуп тыйын жасала баштагап. Б. з. ч. 1- миң жылдыктын башында ал Фригиянын составына кирип, б. з. ч. 7-кылымдын башында өз алдынча мамлекет болгон (борбору — Сарды).
  • Лидияны б. з. ч. 12-кылымдан Гераклиттер, б. з. ч. 7-кылымдан Мермнаддар династиясы башкарган. Крез бийлеген тушта Лидия дээрлик бүткүл К. Азияны (түш. аймактары- нан башкасын) сураган.
  • Лидияны б. з. ч. 546-ж. перс падышасы Кир II басып алган. Б. з. ч. 4-кылымда Лидия Македонскийдин державасынын, б. з. ч. 3— 2-к-да Селевкилер, кийин Пергам мамлекетинин составына кирген.
  • Б. з. ч. 133-ж. Римдин Азия провинциясынын бир бөлүгүнө айланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.