Кир II

Википедия дан
КИР II

КИР IIАхеменилер державасынын негиздөөчүсү.
Биздин заманга чейин 558–530-жылы Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүнүн көбүн бириктирген зор империяга негиз салган.
Мидияны, Вавилонду, Египетти, Фракияны, Македонияны жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн жеңип алган.
Борбордук Азиянын дыйканчылыкка ыңгайлуу аймактарын ээлегенден кийин Орто Азияда жашаган көчмөн массагет урууларын багындырууга багыт алып, б. з. ч. 530-жылы Кирдин аскерлери башында Томирис деген аял турган массагеттер менен Амударыясынын жээгинде катуу салгылашка чыккан. Салгылашта Кир жана анын аскерлери толугу менен талкаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]