Томирис
Томирис – Каспий жана Арал теңиздеринин бойында жасаган массагеттердин ханшасы.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Томирис - (болжол менен б.з.ч. VI кылымда жашаган) скифтердин башчысы Ишпакайдын тукумунан болгон. Ал Мадиянын чөбөрөсү, легендарлуу башчы Сыпыранын небереси же кызы болгон. Томирис беш жашында эле атка отуруп, ээн талаага чаптырып жүргөн экен. Алты жашында колуна оор акинак алып, колдонууну үйрөнгөн. Томиристи атасы жаш кезинен баарына үйрөткөн. Өз апасы эрте каза болгон. Томиристин күйөөсү Рустам, абдан күчтүү баатыр болгон. Ал массагеттердин эң күчтүүсү делген баатырларын кармаштарда жеңе билген. Экөө үйлөнгөндөн кийин атасы көз жумат. Күйөөсү Рустам көз жумгандан кийин тактыга Томирис отурат. Томирис өлгөндөн кийин сактарды бир эле маалда үч хан башкарып калган.
Томиристин эрдиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ахеменилер державасынын падышасы Кир II массагеттерди баш ийдирүү үчүн Орто Азияга биздин заманга чейин 6 кылымда кол салган. Кир II өзүнүн элчисин жиберет. Ал Томиристи ага турмушка чыгууга жана эки элди согушсуз бир мамлекет кылып бириктирүүнү сунуштайт. Бул сунушка сактардын ханышасы баш тартат. Сактарды ал убакта алардын каза болгон башчысынын аялы Томирис башкарып турган. Кир II ге аял эмес, көптөгөн жерлер, байлыктар, сактардын эр жүрөк жоокерлери керек экендигин ал жакшы түшүнгөн. Томирис ойлогон, душманга бөтөн жерде согушкан кыйыныраак болот деп. Саны 200 миң болгон Кирдин аскерлерине каршылык көрсөтүү үчүн Томирис да ошончо армия топтоого аргасыз болгон. Томиристин баласы жетектеген биринчи салгылаш сактардын жеңиши менен аяктайт. Сактардын салты боюнча жеңишти жуушкан. Ушул учурдан пайдаланып фарсилер түн ичинде сактардын жоокерлерине күчтүү винону ичиришип, аларды катуу мас кылышат. Кир жоокерлеринин үчтөн бир бөлүгүн жана Томиристин баласы Спаргаписти туткунга алат. Томирис Кирге элчи жиберген, сактардын жеринен чыгып кетүүсүн жана баласынын сөөгүн талап кылган. Аягында: "эгер муну аткарбасаң, ишене бер мен сени кан ичирем", деп жиберген. Кийин 2-салгылашууда сактар фарсилерди талкалаган. Ата журтунун көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөштү Томирис жетектеген. Ал согушта каныша Томиристин уулу курман болгон. Томирис амал менен Кирди колго түшүрүп, анын башын «канкор башың канга тойсун» деп кан толтурулган чаначка салдырган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Какеев А.Ч., Плоских В. Кыргызы. Истоические предания и легенды. - Б., 2003.10-11-б.
- Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы. - Б., 2008-ж.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия(жеткиликсиз шилтеме). Бишкек 2003